Адам аттарынын сыры

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 05 Декабря 2011 в 21:23, реферат

Описание

Менин атымдын мааниси эмнеде экендиги жекеле мен эмес ар бир адам өзүнөн сураса керек. Ар бир адам ата энеси коюп койгон ысымы эмнени түшүндүрөт экенин билгиси келсе керек, анткени ал өмүр бою ошол ат менен жашайт. Азыркы биздин убакытта балдырдын жана кыздардын аттарынын түрдүүлүгү аябай жогору турат. Кээ бир ысымдар бат бат кездешет , кээ бир ысымдар анда-санда гана кездешет, негизги максат - адамдын жашоосуна ушул сырдуу аттар канчалык деңгээлде жардам бере алат.

Содержание

Кирүү
Адам аттарынын түрлөрү. Адам аттарынын тарыхынан

Адам аттарынын мүнөздөмөсү

Официалдуу жана официалдуу эмес, толук жана кыскартылган аттарынын түрлөрү

Жыйынтык
Колдонулган адабият.

Работа состоит из  1 файл

адам аттарынын сыры(нурлан).doc

— 77.50 Кб (Скачать документ)
 

    Кирүү 

  1. Адам аттарынын  түрлөрү. Адам аттарынын тарыхынан
 
  1. Адам аттарынын мүнөздөмөсү
 
  1. Официалдуу  жана официалдуу эмес, толук жана кыскартылган аттарынын түрлөрү
 

     Жыйынтык 

      Колдонулган адабият. 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Кирүү 

         Жаңы төрөлгон балага ысым коюу – эң маанилүү жана жооптуу кадам. Коюлган ысымы менен адам өмүр бою жашайт, ал анын жашоосундагы өзгөрүлбөс бөлүгү.

         Менин атымдын мааниси эмнеде экендиги жекеле мен эмес ар бир адам өзүнөн сураса керек. Ар бир адам ата энеси коюп койгон ысымы эмнени түшүндүрөт экенин билгиси келсе керек, анткени ал өмүр бою ошол ат менен жашайт. Азыркы биздин убакытта балдырдын жана кыздардын аттарынын түрдүүлүгү аябай жогору турат. Кээ бир ысымдар бат бат кездешет , кээ бир ысымдар анда-санда гана кездешет, негизги максат - адамдын жашоосуна ушул сырдуу аттар канчалык деңгээлде жардам бере алат.  

Бул аттарды  ар түрдүү бөлүктөргө бөлүп карасак, бул сырдуу аттар адамдар үчүн бир канча нерселерди чечип берет: 

  • Адамдын ысымынын мүнөздөмөсү
  • Адамдын профессионалдык ишмердиги жана анын аты
  • Үй-бүлөлүк жашоодогу ысымдын мааниси
  • Ысымдын келип чыгыш тарыхы
 

     Адам  аттарынын түрлөрү. Адам аттарынын тарыхынан. 

     Адам  бала кезинен ар түрдүү ысымдарды  угат, алар аркылуу дүйнөнүн маанисин түшүнө баштайт. Эң негизгиси анын магызын жана анын келип чыгышын адам билиши керек.

     Өзүмдүк ысымдар илимий жактан ономастика деп аталат. Бул сөз онома - аттар грек сөзүнөн алынган. Ономастика жагынан караганда дагы кээ бир аттардын коюулушу изилдөөгө туура келет. Элдердин аттарын изилдеп киришүүнү антропонимика дейбиз (грек сөзүнөн антропос - адам, антропология – адам изилдөө).

         Элдердин ысымдары – элдердин тарыхынын бир бөлүгү. Биздин өлкө көп улуттуу, ар бир улуттун өзүнө тиешелүү өзгөчө эң жакшы ысымдары бар. Адам аттары ар түрдүү мүнөздөлөт, кээ бир учурда анын сырткы келбетине жараша, кээде үй бүлөлүк жашоосуна жараша, кээде туугандарына катышына жараша, а кээ бирде өзүнүн ишине жараша болуп калат.     

         Илгерки убакытта ысымдарды  тандоо ата менен эненин каалоосуна жараша болгон. Эгерде ата эне кызынын ар тарапка жеңилбес күчтүү боолусун каласа аны Виктория деп аташкан, аны латын тилинен которгондо “Жеңиш” болот. Бул ысымдар тагылган тумар сыяктуу адамдарга ар түрдүү маанини билдирет, мисалы Ильяс – жардамга келүү, Маджид – улуу, боорукеер, Арсен – чечкиндүү, коркунучсуз. Кээ бир ата-энелер өздөрүнүн балдарынын улуу ишмерлердин, агартуучулардын, хандардын жана ханышалардын аттарынан коюшкан..

         Кайсы гана сөз болбосун адамга коюлган аттарды айланадагылар  ушул адамдын өздүк катары кабыл  алышкан жана бул сөздөр ысым катары сакталып калган.

         Бир элдин ысымдары кийинки бир элдердин ысымдарына дагы ооп кеткен. Ар түрдүү өлкөлөрдөгү элдердин ысымдары, ар бир элдин өзү үчүн ар кандай нерселерди билдирет. Алдын ала алар жэкече жана топтоштурулган түргө бөлүнөт. Ар бир ысымдын колдонулушу ар түрдүү болот. Азыр да мурдагыдай эле кээ бир көп жерде кэздешетурган, кээде аз кэздешкен аттар бар.

           Ат кою салттары:

  • Балага көз тийбесин деген ниети менен коюлган ат.
  • Баланын дени сак, жаны бек болсун деген ниети менен коюулган ат. Мисалы: Бектемир, Ташболот
  • Баланын өмүрү узак болсун деген ниети менен коюулган ат. Мисалы: Жанузак, Өмүрбек, Узакбай
  • Элдин ардактуу азаматтарынын атын коюу, алардай баатыр, өнөрлүү болсун деген ниети менен.
  • Ислам динине байланыштуу ат коюу. Мисалы: Ислам, Мухаммед, Иса

Адам  аттарынын мүнөздөмөсү 

         Азыркы жашоодо  кээ бир аттар өзгөчө деле мааниге ээ эмес “ак чардак бы” же “Акылман бы”, латын тилинен алынган бы же грек тилинен алынган бы.

         Менин алдымда бир  суроо пайда болду, эмнеге мурун көп колдонулган ысымдар азыр көп колдонулбайт жана эмнеге жаңы ысымдар пайда болду, балким бул ысымдардын мүнөздөмөсү үчүн? 

     Айымдардын  ысымдарына  мүнөздөмө 

       Алия́ – араб айымынын  ысымы, мусулман  элдеринде  тараган, «көтөрүңкүлүктү» билгизген.

       Айсулу - (айым) айдын сулуусу, айдын кызы

     Эльвира (Ильвира) – бүткүл сактоо жана коргоо

     Салима – толук денсоолук

     Малика – падыша кыз, ханыша

     Зарима (Зарема) – күйүп жанып турган

     Зайна - сулуу

     Зайнап (Зайнаб) – ден соолугу чын, тың кыз

     Джамиля - сулуу

     Гульнара – туруктуу, чынчыл, үмүттүү

     Азиза – жакын, биртууган, урматтуу 

         Балдардын ысымдарына  мүнөздөмө 

           Нурлан — жигиттердин аты, казах, кыргыз жана азербайджан арасында көп колдонулган ат. Араб тилинен пайда болгон, “Жалтыраган” дегенди билдирип өтмө мааниде алганда “Жарык күндүн нуру” дегенди билдирет. Казахстарда жана кыргызтарда белгилүү ат. Азербйджан тилинен которгондо Нурлан “Жарык” жана “Күн” дегенди билдирет.

     Самат – арабча - Түбөлүктүү, түбөлүк жашоочу, жетекчи, башчы

     Кубанычбек  - кубанычты билгизген кыргыз ысым

     Эльдар – жеңүүчү

     Эмир – башчы, жетекчи

     Чингиз – улуу, күчтүү, бек

     Тимерлан (Тамерлан, Тимер) – темирдей, бышык

     Талгат – жагымдуу, сулуу

     Расул – жаңылык алып келүүчү

     Омар – узака жашоочу

     Нурдин – Үмүт жарыгы

     Арсен – кайраттуу, коркунушсуз

     Касым – чечкиндүү, катуу

     Арман – чынчыл, үмүткөр

     Азад (Азат) - эркин 

Мунда баса кетүүчү нерсе, ар бир атты бир  тараптуу кароого болбойт, анткени  адамдар ар түрдүү ойлонуп өздөрүнүн  ойлорун айтат.  

Официалдуу  жана официалдуу эмес, толук жана кыскартылган ысымдар. 

      Демек биздин учурдагы аттардын түрлөрү кандай? Албетте буга үйбүлөлүк мааниде берүүчү аттар, аттардын айтуудагы угулушу жана айтуудагы үндүштүктүн түзүлүшү.

Официалдуу  жана официлдуу эмес формадагы аттардын айтылыш маанисинин айырмачылыгын түшүнүш керек. Азыркы учурда аттарга өзгөчө ар түрдүү варианттар түзүлүүдө.

         Официалдуу эмес кырдаалда - үйдө, достордун арасында, жумушта чогу иштеген жолдошторунун арасында элдер ысымдарды официалдуу эмес кыскартылган формада аташат. Алар кээ бир толук аталган аттардын ыңгайсыз болгондугунан кыскартып аташат, бул көбүнчө жаш балдардын жана жаштардын арасында кездешет. Бул аттар үйбүлөөлүк деңгел сыяктуу, жылуу, жакшы угулат. Кыскартылган формадагы аттар негизги атттын уңгусу пайдаланылып колдонулат. Азыркы адабият тилинде кыскартылган формадагы аттар негизги стилде карама каршы. Алар бир бирине канча жакындыгын, дос болсо, же болбосо, өзүнөн кичүү болгондугуна, башкача айтканда улуулар кичүүлөргө карай колдонулат.

         Кыскартылган аттар  ар түрдүү кырдаалда колдонулан, официалдуу аттардан тышкары болуп кээ бир учурда боорукердик менен эркелетүү формасында колдонулат.

                     

                                                            Жыйынтык. 

         Кээде кадемки аттардын арасынан анда санда, аз жана көп колдонулатурган аттар бар.

         Аттардын саны аз болгондуктан элдердин суроосуна канаттандыраарлык  жооп берип албайт. Ошол үчүн кээ  бир унутта калган аттарды, же аз гана белгилүү болгон аттарды унутпашыбыз  керек.

         Азыркы учурда кээ  бир элдер мурдагы аттарды колдонуу менен анын тарыхый маанисин адабий баасын сактоо үчүн колдонулган учурларда бул аттар жаңыча көрүнүп жана угула баштады. Албетте эски аттарды баардыгы кайра жанданды деп айта албайбыз. Албетте тарыхий аттарды унутпашыбыз керек.

         Адамдын жашоосунун өздүк аттын мааниси өтө чоң. Бардык аттардын өзүнүн тарыхы бар. Алар жаралат, өзгөрүлөт жана жоголот. Аттардын тарыхы, элдердин тарыхы жана алардын тили менен тыгыз байланышта. Байыркы аттар элдердин мүнөздөмөсү менен өзгөчө орунду ээлеген. Кээ бир аттар адамга өз тукумунда, же үйбүлөөсундө өзгөчө көрүнүп туруу үчүн берилген.

         Бул нерселерди мен  окуп жатып мындай жыйынтык чыгардым, азыркы дүйнөдө аттар:

      • Биринчиден, белгилүү туугандардын аттарынан коюулат
      • Экинчиден, атасынын аты жөнүнө, байланышына карай коюулат
      • Үчүнчүдөн, өзгөчөлүнгөн, көп колдонулбаган аттар коюулат
 
 

         Колдонулган адабият.

  1. www.super.kg
  2. www.azattyk.kg
  3. www.yandex.ru

Информация о работе Адам аттарынын сыры