Фонетика – тил илиминин бир бөлүмү

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 24 Февраля 2013 в 11:56, доклад

Описание

Кыргыз тили - эгемендүү Кыргыз
республикасынын мамлекеттик тили. Бул статус 1989-
жылы 23-сентябрда Кыргыз республикасынын кезексиз
чакырылган 10-сессиясында атайын Закон аркылуу кабыл
алынган.

Работа состоит из  1 файл

Фонетика – тил илиминин бир бөлүмү..doc

— 63.50 Кб (Скачать документ)


 

 

 

Фонетика – тил  илиминин бир бөлүмү.

 

Маселелер:

 

1.  Азыркы кыргыз  адабий тили.

2.  Фонетика, анын изилдөө   объектиси жана 

тармактары.

3.  Сүйлөө  органдары  жана алардын аткарган 

кызматы.

 

  1.Кыргыз  тили   -  эгемендүү  Кыргыз 

республикасынын мамлекеттик   тили. Бул статус 1989-

жылы 23-сентябрда Кыргыз республикасынын кезексиз

чакырылган 10-сессиясында  атайын Закон аркылуу кабыл 

алынган.

Кыргыз тили  –  түрк тилдеринин эң  байыркыларынан.

Ал чыгыш теги  –  генеологиялык классификация боюнча

түрк тилдеринин системасына  кирип, алтай тили менен 

бирге чыгыш хун бутагынын  кыргыз-кыпчак тобун түзөт.

Ал эми типологиялык классификация боюнча

агглютинативдүү тилдерге кирет.

1

Азыркы кыргыз адабий тили  –  кыргыз тилинин 

өркүндөтүлгөн эң  жогорку формасы. Ал адамдардын

ишмердүүлүгүнүн түрдүү  тармактарын тейлеген,

функционалдык стилдери  өнүккөн, коомдогу кызматы 

өскөн, жалпы улуттун  кызыкчылыгын көздөгөн адабий

тилдин нормаларына  салынган тил. Азыркы күндө  тил 

илиминде анын ар кайсы  тармактары изилденип, такталып

жатат.

                                                

1

 Баскаков Н.А. Введение  в изучение тюрксих языков. М., 1962. – 296-

б.

 

Кыргыз тил илими  төмөнкү  негизги бөлүмдөрдөн 

турат:

1.  Фонетика  –   тилдин тыбыштык түзүлүшүн, андагы

өзгөрүүлөрдү изилдейт.

2.  Графика  –   жазуунун  өнүгүш этаптарын, алфавит, 

тамгалар менен  тыбыштарды белгилөө

өзгөчөлүктөрүн изилдейт.

3.  Орфография  –   тилдеги сөздөрдү  адабий тилдин 

нормасына ылайык туура  жазууну үйрөтөт.

4.  Орфоэпия  –  оозеки адабий тилдин айтылыш

нормаларын үйрөтөт.

5.  Лексикология  –   тилдин сөздүк курамы, анын 

өнүгүшү, сөз маанилери  жана анын типтерин

изилдейт.

6.  Морфология  –   сөз составы жана сөз түркүмдөрү 

жөнүндөгү илим.

7.  Синтаксис  –   сөз айкашы, сүйлөм мүчөлөрү, сүйлөм

жана анын түрлөрүн изилдейт.

8.  Пунктуация  –   тилдеги тыныш белгилери, алардын 

коюлуш принциптерин, эрежелерин иликтейт ж.б 

 

2. Адам баласынын кеби  сүйлөмдөрдөн, сүйлөмдөр 

сөздөрдөн, сөздөр айрым-айрым  үндөрдөн – тыбыштардан

турат. Мына ушул тилдин тыбыштык түзүлүшүн 

үйрөтүүчү тил илиминин бир бөлүгү фонетика деп аталат.

Фонетика деген термин гректин «phone» - «үн», «тыбыш»,

«tika»  -  «илим» деген  сөзүнөн алынган. Фонетиканын 

изилдөө  объектилери  –  тыбыш, тамга, фонема, сөз

ичиндеги тыбыштардын  өзгөрүү  процесстери, муун жана

басым.

Тыбыштарды  үйрөнүүнүн максатына жана

методуна карай фонетика бир нече түргө бөлүнөт:

1)  Жеке фонетика 

2)  Жалпы фонетика 

3)  Салыштырма фонетика 

4)  Сыпаттама фонетика

5)  Тарыхый фонетика 

6)  Диалектилик фонетика 

7)  Эксперименталдык  фонетика 

Ар бир тилдин (мисалы, кыргыз, орус, англис, ж.б.

тилдердин) тыбыштык түзүлүшүн  жеке фонетика

изилдейт.

  Жалпы адамзаттын  сүйлөө  кебиндеги тыбыштар,

аларды жасоочу органдардын кызматы, кеп агымындагы ар

кандай фонетикалык  көрүнүштөрдүн өз ара байланыштары

жалпы фонетикада изилденет.

  Ал эми бир тилдин  фонетикалык фактыларын 

башка тектеш же тектеш эмес тилдердин ошондой эле 

фактылары менен салыштырып изилдөө  салыштырма

фонетикага мүнөздүү.

  Тилдин тыбыштык  түзүлүшүнүн белгилүү этаптагы 

өнүгүшүн, азыркы учурдагы абалын аныктоо  сыпаттама 

фонетиканын  милдетине  кирет. Алсак, кыргыз тилинин 

сыпаттама фонетикасы бизге  азыркы кыргыз адабий

тилинин тыбыштык курамын, тыбыштык закондорун,

муундук типтерин, басым  жана интонациялык

өзгөчөлүктөрүн үйрөтөт.

  Тарыхый фонетика  –  мезгилдин  өтүшү  менен 

тилдин тыбыштык түзүлүшүндө  болгон  өзгөрүүлөрдү,

алардын пайда болуу  себептерин иликтейт.

  Диалектилик фонетика  -  тилдин жергиликтүү

диалектилеринин тыбыштык  өз-гөчөлүктөрүн изилдөө 

максатын көздөйт.

  Изилдөөнүн жаңы  ыкмалары менен 

технологияларын пайдалануу жагынан  эксперименттик

фонетика фонетиканын  бар-дык түрлөрүнөн  өзгөчөлөнүп 

турат да, ал төмөнкүдөй төрт багытты ичине камтыйт: 

  1.  Акустикалык  фонетика  -  тилдеги тыбыштарды 

үн кубулушунун бир  түрү  катары карайт да, тилдин

тыбыштык тү-зүлүшүн  кимограф, осциллограф, интоног-

раф, спектрограф  өңдүү  акустикалык ку-ралдарды

колдонуу менен изилдейт.

  2.Артикуляциялык  фонетика  -  тил-деги 

тыбыштарды сүйлөө  органдарынын иш-аракети менен 

байланышкан биология-лык  кубулуш катары карап, тилдин

ты-быштык түзүлүшүн палатограф, ренгено-граф, миограф 

сыяктуу физиологиялык  ку-ралдардын жардамы менен

изилдейт.

  3. Перцептивдик фонетика - тилдеги  тыбыштардын 

тил ээси тарабынан кабыл-доо  өзгөчөлүктөрүн изилдейт

да, бул мак-сатты ишке ашыруу  үчүн психологиялык,

психолингвистикалык жана акустика-ар-тикуляциялык

ыкмаларды колдонот.

  4.   Компъютердик фонетика  -  тилдин тыбыштык

түзүлүшүн, оозеки кептин ана-лизи менен  синтезин

компьютердик, сан-дык жана озук технологияларды 

колдонуу менен изилдейт.

  Фонетиканы  өздөштүрүүнүн  теориялык жана 

практикалык мааниси чоң. Ар кандай форманы мазмундан

ажыратып кароого мүмкүн болбогон сыяктуу, тилди да

анын тыбыштык түзүлүшүнөн ажыратып изилдөө, үйрөнүү 

мүмкүн эмес. Тыбыштар тилдин сырткы формасы болуп 

эсептелүү  менен тилдин негизги  функциясы болгон

адамдардын ортосундагы катнашуу куралы болуу 

мүмкүнчүлүгүн түзөт. Морфологиялык, синтаксистик көп 

фактыларды фонетикалык  -  закондорсуз түшүнүүгө 

мүмкүн эмес. Тилдин тарыхын  фонетикалык негизге 

таянбай туруп эч качан  түзүүгө  болбойт. Фонетиканын 

теориялык мааниси мына ушунда.

  Ал эми практикалык мааниси: чет тилдерди

үйрөнүүдө  башка тилдин кандайдыр бир артикуляциялык 

 өзгөчөлүктөрүн  өздөштүрүү  үчүн фонетиканы жакшы

билүү  зор жардам берет. Сөздөргө  басымды туура коюу,

жазуу ишинде тыбыштарды туура жазуу жана муунга

бөлүп ташымалдоо, алфавит боюнча каталог менен иштөө

ж.б.у.с. иштерди аткарууда  фонетикалык билимге 

таянылат.

  3. Кайсы гана тилде  болбосун, кепте колдонулган 

тыбыштар адамдардын тыбыш жасоочу органдарынын

катышы аркылуу жасалат. Ошондуктан тыбыштарды ар

тараптан терең  билүү  үчүн сүйлөө  органдарынын

түзүлүшүн, алардын тыбыш  жасоодогу аракеттерин билүү 

зарыл.

Сүйлөө органдары төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат. (1-

таблица).

1 ) Дем алуу органдары  (көкүрөк клеткасы, диафрагма, 

өпкө жана анын бронхалары, кекиртек);

2) Көмөкөй (мында үн  түйүндөрү жайгашкан) 

3) Ооз жана мурун  көңдөйлөрү;

4) Борбордук нерв системасы. 

Булардын тыбыш жасоодогу  кызматы ар түрдүү.

Дем алуу органдары  тыбыштардын  жаралышына

башкы каражат катары жумшалуучу абанын агымын

басым менен жогору карай түртүп, аны кекиртек аркылуу

көмөкөйгө, андан ооз  жана мурун көңдөйлөрүнө

багыттайт. Кекиртектин  көмөкөйгө  туташкан башкы 

бөлүгүндө бири-бири менен  булчуңдар аркылуу туташкан

бир канча чемирчек бар.

Буларга үн түйүндөрү  бириккен.

Үн түйүндөрү ар кандай тыбыштардын жасалышына

негиз болуп саналуучу  үндү  пайда кылууда эң  башкы 

ролду ойнойт. Алар бири-бирине туташып, жанаша

орношкон жана ортосунда  үн жылчыкчасы бар 

эластикалуу (серпилме) эки  кичинекей булчуңдан турат.

Бул эки булчуңдун арасы бирде биригип, бирде ачылып, 

үн жылчыкчасынын абалын  өзгөртүп турушу

тыбыштардын жаралышына  өбөлгө  түзгөн бирден-бир 

негизги физиологиялык  кубулуш болуп саналат.

Адам сүйлөй баштаганда,  үн түйүндөрү  керилген

абалда болуп, анын жогоруда аталган булчуңдары  үн

жылчыкчасын жаап калат. Өпкөдөн кекиртек аркылуу өтүп

келе жаткан абанын агымы  жабык абалда турган  үн

жылчыкчасы аркылуу  кысылып  өтөт да,  үн түйүндөрүн

серпилтип, дирилдеген абалга келтирет. Бул  үндү  пайда 

кылуучу негизги шарт болуп эсептелет, анткени үн

түйүндөрүнүн дирилдеши  менен аба термелет. Мындай

термелүүдөн  үн пайда  болуп, ал дагы башка сүйлөө

органдарынын кызматы  аркылуу ар кандай тыбыштарга

айланат.

Тыбыштардын жасалышы  үчүн ооз көндөйү менен 

мурун көңдөйүнүн жана таңдай көшөгөсүнүн да чоң

мааниси бар. Ооз көңдөйү  менен мурун көңдөйү  таңдай

аркылуу бөлүнүп турат  жана булардын ар бири  өзүнчө

резонатордук милдет аткарат. Таңдайдын алды жак бөлүгү

катуу, арткы бөлүгү жумшак таңдай деп аталат. Жумшак

таңдай кичине тилге туташып, таңдай көшөгөсү  деп

аталган органды түзөт. Бул орган абаны ооз көңдөйүнө  же

мурун көндөйүнө  багыттоо кызматын аткарат. Эгерде

таңдай көшөгөсү  көтөрүлгөн абалда болсо, мурун 

көңдөйүнүн оозу жабышып, аба ооз көңдөйү аркылуу өтөт.

Бул учурда [а], [э], [ы], [и], [б], [д] сыяктуу (мурунчул

эмес) тыбыштар жасалат. Эгерде таңдай көшөгөсү  төмөн 

түшүп, абанын агымы мурун  көңдөйүнө  багытталса, ооз 

көңдөйү  жабылат. Мында [м], [н], [ң]|  тыбыштары 

(мурунчул тыбыштар) пайда  болот. 

Мурун көңдөйү  - көлөм  жагынан да, форма жагынан 

да  өзгөрбөй турган резонатор. Ал эми ооз көңдөйү  болсо 

эриндердин, тилдин, кичине тилдин, жумшак таңдайдын 

тыбыш жасоодогу активдүү  кыймылдарына жараша 

формасын да,  көлөмүн  да  өзгөртө  берет. Эки эриндин

бири-бирине тийип айтылышы менен [б], [п], [м] сыяктуу 

кош эринчил тыбыштар, астыңкы эриндин  үстүңкү 

тиштерге жакындашы  аркылуу [в], [ф] тыбыштары, эки 

эриндин түтүк формасында болуп, алга карай жүткүнүшү 

менен [о], [ө], [у], [ү] сыяктуу  эринчил үндүүлөр жасалат.

Тыбыштардын ар түркүн айтылышына эң  эле 

активдүү катышкан органдардын  бири - тил. Мунун түпкү,

ортоңку жана  yч жак  бөлүгү  аркылуу  үндүү  жана  үнсүз 

тыбыштардын ар түркүн топтору  жасалат.

Сүйлөө  органдарынын тыбыш жасоодогу кызматын

түздөн-түз башкарып турган орган болуп  мээ  - борбордук 

нерв системасы  саналат. Мына ушул башкы орган 

аркылуу адамдар сүйлөө, пикир алышуу, байланыш  -

катыш жасоо жөндөмдүүлүгүнө  ээ болуп келүүдө.

Сүйлөө  органдары  тыбыш жасоодогу кызматына 

жараша активдүү жана пассивдүү болуп бөлүнөт.

Активдүү  органдар:  үн түйүндөрү, тил, эриндер,

жумшак таңдай, кичине тил. Булар тыбыш жасоодо 

түрдүүчө кыймылга келип, абалын өзгөртүп турат.

Пассивдүү  органдар:   тиштер, бүйлө, катуу тандай.

Булар тыбыш жасоого кыймылсыз абалда туруп да

катышат.

Ошентип, кыргыз тилинин  фонетикасын үйрөнүүдөгү 

биринчи баскыч болуп жалпы тил  жөнүндө түшүнүк, анын

тармактары жана изилдөө  объектилерин ачык жана так 

билүү; тыбыштарды жасоодогу сүйлөө  органдарынын

кызматы жөнүндөгү маалыматтар эсептелет.


Информация о работе Фонетика – тил илиминин бир бөлүмү