Чынгыз Айтматов

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 13 Февраля 2012 в 20:56, реферат

Описание

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Атасы Төрөкул Айтматов Кыргыз партиясынын обкомунун катчысы болгон. Бирок 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова улуту боюнча татар болгон. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл

Работа состоит из  1 файл

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов.docx

— 16.97 Кб (Скачать документ)

Чыңгыз  Төрөкулович Айтматов (1928-2008) - кыргыз жана орус тилдеринде жазган совет жазуучусу, Кыргыз ССРинин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978). 

Өмүр баяны

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Атасы Төрөкул Айтматов Кыргыз партиясынын обкомунун катчысы болгон. Бирок 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова улуту боюнча татар болгон. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. 1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Айтматовка мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле. Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды. Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт. 1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт. 2008-жылы 16-майда Айтматовдун бөйрөгүнүн иштеши токтоп калганына байланыштуу Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткирилет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинин айынан көз жумат. Сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы Ата Бейит көрүстөнүнө коюлат. 

Чыгармачылыгы

Айтматов адабиятты бала чагынан сүйгөн, ал эми студенттик күндөрүндө адабиатка болгон кызыкчылыгы ого бетер арта баштайт. Мына ошондой күндөрдүн биринде Айтматов орус адабияты менен аябай достошот. Ал орус жазуучуларынын "Сын полка" жана "Белая берёза" деген чыгармаларын басмакана менен макулдашпай туруп, кыргыз тилине которот. Бирок бул чыгармалар эчак эле которулуп калгандыктан Айтматовдун котормолору жарык көрбөй калат. Бирок ал өзүнүн жазуучулук ишин ошол повесттерди которуу менен баштадым деп эсептейт. Студент кезинде гезиттерге өзүнүн чакан макалаларын, очерктерин жарыялап жүрөт.

Окуусун аятагандан кийин (1953) Айтматов зоотехник болуп иштейт. Мына ошол кезде ал өз чыгармаларын жаза баштайт. Ал 1956-жылы Москвадагы Жогорку адабий курстарды окууга жөнөйт. Ал жердин Айтматов дүйнөлүк адабияттын "тишин чагып", кенин казат.

"Москвадагы эки жылдык окуу мага, мурунку зоотехникке, көптөгөн жакшы нерселерди алып келди. Теориялык жактан эле эмес, ошондой эле практикалык жактан - биздин семинарлар Жогорку курстардагы талкуулар мен үчүн абдан жакшы чыгармачыл мектеп болуп берди", -дейт Айтматов. Ошентип, курстарды аяктагандан кийин "Адабий Кыргызстан" журналынын редактору болуп иштеп калат. Андан кийин беш жылдай "Правда" гезитинин өз кабарчысы болуп иштейт. Бул дагы жазуучунун чыгармачыл талантын байытууга чоң түрткү берет. 

Чыгармалары

1952 - "Гезитчик Дзюйо" (аңгеме), "Мы идём дальше" (аңгеме)

1953 - "Сыпайчы" (аңгеме)

1954 - "Ак жаан" (аңгеме), "На богаре" (аңгеме)

1955 - "Асма көпүрө" (аңгеме), "Түнкү сугат" (аңгеме)

1956 - "Трудная переправа" (аңгеме)

1957 - "Бетме-бет" (повесть)

1958 - "Жамиля" (повесть), "Лицом к лицу" ("Бетме-бет" повестинин котормосу), "Соперники" (аңгеме)

1961 - "Верблюжий  глаз" (аңгеме), "Тополёк мой  в красной косынке" (повесть), "Биринчи мугалим" (повесть)

1962 - "Первый учитель" ("Биринчи мугалим" повестинин котормосу)

1963 - "Саманчынын жолу" (повесть), "Повести гор и степей" ("Тополёк мой в красной косынке", "Жамиля", "Первый учитель", "Верблюжий глаз" повесттери кирет), "Материнское поле ("Саманчынын жолу" повестинин котормосу)

1964 - "Красное яблоко" (аңгеме)

1966 - "Прощай, Гульсары" (повесть)

1968 - "Атадан калган туяк" (аңгеме), "Жаныбарым Гүлсары" ("Прощай, Гүлсары" повестинин котормосу)

1970 - "Белый пароход" (повесть)

1972 - "Солдатёнок" ("Атадан калган туяк" аңгемесинин котормосу), "Свидание" (аңгеме)

1973 - "Фудзиямадагы кадыр түн" (пьеса)

1975 - "Ранние журавли" (повесть), "Манас атанын ак кар, көк музу" (очерк)

1977 - "Пегий пёс,  бегущий краем моря" (повесть)

1980 - "Кылым карытар бир күн" (роман)

1986 - "Плаха" (роман)

1996 - "Тавро Кассандры" (роман)

1998 - "Встреча с  одним бахаи" (Фейзолла Намдар менен болгон сүйлөшүү)

2006 - "Когда падают  горы (Вечная невеста)" (роман) 

Сыйлыктары

1958 - "Эмгектеги артыкчылыгы" медалы менен сыйланган.

1962 - "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган.

1963 - "Повести гор  и степей" деген китеби үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон.

1967 - "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган.

1968 (август айында)- Кыргыз ССРинин эл жазуучусу деген ардактуу наам берилген.

1968 (ноябрь айында) - "Жаныбарым, Гүлсары" повести үчүн Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

1971 - Ленин ордени менен сыйланган.

1974 - Н.К.Крупская  атындагы медаль менен сыйланган.

1975 - "Манас атанын ак кар,көк музу" очерки үчүн "Огонек" журналынын сыйлыгы ыйгарылган.

1976 - "Эрте келген турналар" аттуу повести үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

1977 - "Ак кеме" повести жана ал боюнча жазылгал көркөм фильмдин сценарийи үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

1978 - Ленин ордени жана "Орок жана Балка" алтын медалы менен сыйланган; Социалисттик эмгектин Баатыры" деген * наам ыйгарылган.

1979 - "Эрте келген турналар" жана "Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт" аттуу чыгармаларындагы терең гуманизм жана адам улуулугунун духун ачкандыгы үчүн Италиянын Вольтерра шаарынын көркөм коомчулугу 1-сыйлыгын ыйгарышкан.

1980 - Италияда "Эрте келген турналар" жана "Дениз бойлой жорткон Ала дөбөт" чыгармалары үчүн эл аралык "Этрурия" сыйлыгы тапшырылган.

1983 - "Кылым карытар бир күн" романы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган.

1984 - "Элдердин достугу" ордени менен сыйланган.

1987 (май айында) - Польшадагы балдардын сунушу боюнча ойлонуп табылган "Жылмаюу" ордени ыйгарылган.

Информация о работе Чынгыз Айтматов