Кытайдын тарыхый, маданий жана табигый эстеликтери

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 22 Мая 2013 в 19:05, доклад

Описание

Бул докладды жазуу мага бардык тарабынан бай Кытай өлкөсү жөнүндө тереңирээк изилдөөгө мүмкүнчүлүк берди. Кытай өзүнүн кереметтери менен байыртан баштап азыркы күнгө чейин дүйнөнү таң калтырып келет. ЮНЕСКО тарабынан “Адамзаттын улуу мурастарына” киргизилген эстеликтердин саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду Кытй ээлейт. Төмөндө ал эстеликтердин курулуш тарыхы, жайгашкан жери ошондой эле алар жөнүндө кызыктуу окуялар баяндалмакчы.

Работа состоит из  1 файл

Доклад.docx

— 20.92 Кб (Скачать документ)

Ж.Баласагын атындагы КУУнун

Кыргыз-Кытай институтуту

Гр.М.Э.О-1-11

Надырбекова Нурайым

Кытайдын тарыхый, маданий жана табигый эстеликтери

Бул докладды жазуу мага бардык тарабынан бай Кытай өлкөсү жөнүндө тереңирээк изилдөөгө мүмкүнчүлүк  берди. Кытай өзүнүн кереметтери  менен байыртан баштап азыркы күнгө  чейин дүйнөнү таң калтырып келет. ЮНЕСКО тарабынан “Адамзаттын улуу мурастарына” киргизилген эстеликтердин  саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду Кытй ээлейт. Төмөндө ал эстеликтердин  курулуш тарыхы, жайгашкан жери ошондой  эле алар жөнүндө кызыктуу окуялар баяндалмакчы.

Биринчи кезекте дүйнөнүн жети кереметинин бири Улуу Кытай сепилинин курулуш тарыхынан баштайын. Улуу Кытай сепили түндүк Шанхайгуандан түштүк  Цзюйгуанга чейин 6700кмге созулат. Б.з.ч 221-жылы аскербашы Мэнь Тянь 300миң аскери менен Түндүк-Чыгыш Кытайдын чекарасына келип, сепилдин 25миң мунарасын курдурган. Сепилди курууга аскерлер гана катышпастан карапайым дыйкандар да тартылган, алардын көбү оор жумуштан мерт болуп, сепилдин дубалында көмүлүп кала берген. Ошондуктан сепилдин “дүйнөдөгү эң узун мүрзө” аталышы бекеринен эмес.

Цинь Шихуан-ди курдурган  дагы бир кереметтүү тарыхый эстелик  Сиань шаарынан 35км алыстыкта жайгашкан  мавзолей жана андагы терракотт аскерлери. Б.з.ч 259-221-жылдары 700миң кишинин жардамы менен курулган. Жер алдындагы сарайда 7400 аскер, 90 ат арабанын айкелдери жана алар менен бирге 70миң үй-бүлө, 3000ге жакын күң кыздардын сөөгү 1974-жылы табылган. Тарыхка кайрылсак Цинь Шихуан-динин курулуштары эл үчүн абдан эле оор түйшүктү алып келген.

Тарыхый аталышы Цзыцзинчэн аталган Император сарайы Бээжиндеги Тяньанмэнь аянтынан анча алыс эмес жерде  жайгашкан. Тарыхый комплекс 1406-1420-жылдары 1млн куруучу жана 100миңден ашуун  сүрөтчү, жыгач жана таш усталарынын  жардамы менен курулган. Жалпы  ээлеген аянты 72га. Кылымдар бою  комплексте императордун үй-бүлөсү гана жашап “тыюу салынган шаар” деген атка ээ болгон.

Дуньхуанда жайгашкан  Могао жасалма үңкүрлөрү б.з.ч 366-жылы курулуп баштап, ал курулуш 1600 жылга созулган. Азыркы күндө 492 үңкүрдө дубалга тартылган сүрөттөржана 2415тен ашуун будданын скульптуралары жайгашкан. Эң чоң скульптура 33мге жетсе, эң кичинеси 10смди  түзөт. 1900-жылы дао монахы Вань Юаньлу үңкүрдөн №17чи жашыруун китепкананы тапкан, ал жерде 50миңге жакын документ жана Кытай, Орто Азия элдеринин тилинде, байыркы сирия тилинде жазылган сутралар табылган. Бирок көп өтпөй ал жер алтын жана антиквариат издөөчүлөр тарабынан тонолуп кеткен. Адистердин эсеби боюнча 80%га жакын документ чет өлкөгө чыгарылып кеткен. Басымдуу бөлүгү бүгүнкү күнгө дейре Британия музейинде сакталуу.

Хэбей аймагындагы Чэнде  храмы 1703-1792-жылдары курдурулган. Ал 10кмдик сепил менен курчалган 110 имаратты камтыйт. Император Канси  аңулоодо жүргөндө ушул жерди байкап “Бишушуайчень” деген ат берген, кыргыз тилине которгондо “Жай саратанынан  коргоочу тоонун койну” дегенди түшүндүрөт. Дүйнөдөгү эң чоң жыгач айкел “1000 колдуу жана 1000 көздүү будда” ушул жердеги Пунин храмында жайгашкан.

Шаньдун аймагынын Цюйфу  шаары улуу мугалим Конфуцийдин  мекени. Б.з.ч 478-жылы анын өлүмүнөн кийин  окуучусу Чжоу тарабынан үйү храм болуп кайра курулган. Хан династиясынан  баштап бардык императорлор аны чоңойтуп курдурууну улантышкан,жыйынтыгында ал 466 залды камтыган чоң комплекске айланган. Кунмяо комплекси кызыл  дубал менен курчалып, Конфуцийди даңктап жазган таш,жыгач плиталар менен толтурулган.

Тибеттеги Кызыл тоодо 3700миң  бийиктикте жайгашкан Потал курулушу 7-кылымда император Сонгцен Гампо  тарабынан, ханшайым Вэнь Чэньди тосуп  алуу үчүн курулган. Бирок анын династиясы ураганда имаратка чагылган түшүп өрттөнүп кеткен. Эң биринчи курулуш тогуз  имараттан туруп, ичинде 999 бөлмө  жайгашкан, ал убактан бүгүнкү күнгө  чейин Сонгцен Гампо менен  Вэнь Чэнь айымдын скульптуралары гана сакталып калган. Ал эми азыркы сарайдын курулушу 1645-жылы башталган. Территорисы 360миң чарчы метрди түзүп, эки  бөлүктөн турат: кызыл сарай (борбору) жана ак сарай (эки тарабында). Курулушка 7000 жумушчу жана 1500 сүрөтчү, кол өнөрчүлөр  катышкан. Потал 1959-жылга чейин Далай  Ламанын негизги резиденциясы болуп  эсептелген. Ал жердебуддизм мектептери, басмакана, гүл бакча жана түрмө  да жайгашкан. Кытайдын Тибетти басып  алуусуна чейин Потал административдик борбор катары колдонулуп келген.

Бээжиндеги Жайкы сарай 1153-жылы Цзинь династиясы убагында курдурулган. Ал өз ичине 5 бакча (Юаньминьюан, Чанчуньюань, Циниюань, Цзиниюань, Цзинминьюань) жана 3 дөбөчөнү(Сяньшань,Юйцюаньшань,...) камтыган ажайып кооз жер. 1860-жылдагы  Апийим согушу убагында сарай англис-француз  аскерлери тарабынан кыйратылган.1886-жылы Цин өкмөтү тарабынан атайын Цыси ханайым үчүн кайра тургузулуп, ага 10жыл жана 937,500кг күмүш коротулган.

Бээжиндин түштүгүндөгү Асман  храмы (Тяньтань)1420-жылы Император сарайы менен бирге Мин династиясынын  тушунда, император Юн Лэ тарабынан  курулган. 12кмдик дубал менен  курчалган храм 267га ды ээлейт. Ичине 3 курулушту камтыйт:Циняьдянь,Хуаньцю,Хуаньцюньюй. Цинядянь курулушунун бийиктиги 33мге  жетип,эң бийик имарат болуп эсептелет. Имарат мрамордон жасалып чатыры көк черепица менен жабылган. Хуаньцю  мрамордон үч ярус болуп курулуп, цилиндр түргө ээ. Асман храмынын негизинен тарыхты сактоо үчүн колдонушкан  десе болот, себеби Хуаньцюньюйда атайын тактайчаларга императордун туугандардын аттары жазылып сакталган.

Сычуань аймагындагы Чуньцин  шаарынан алыс эмес Дацзу шаарчасында  искусство жана дин үчүн зор мааниге  ээ болгон үңкүрлөр жайгашкан. Ушул шаарда даосизм жана буддизмдин эң биринчи  борборлору жаралган. Бул 200дөн ашуун  үңкүрлөрдүн ичинен ташка чегилген будданын айкелдерин табууга болот. Скульптуралардын эң кичинеси 100смди түзсө, эң чоңу бир тоону ээлейт. Курулуш  тарыхына кайрылсак Түндүк жана Түштүк династияларынын тушунда башталып (420-589-жж), Мин жана Цин династияларына (1368-1911-жж) чейин созулган.

Бээжиндеги Чжоукоудянь  аймагы 1987-жылы ЮНЕСКОнун тизмесине  кирген себеби 1920-жылы ушул жерден 40ка жакын ар жаштагы байыркы адамдардын сөөктөрү жана 100миңге жакын алар колдонгон буюмдар табылган. Изилдөөлөргө караганда синантроп 690 миң жыл  мурда жашап, эки буту менен басып  отту колдонуп, сактаганды билген.

 ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген шаарлар: Лицзян, Пинъяо жана Сучжоу

 Биринчи жолу Шангрила  деген аталыш англис жазуучусу  Джеймс Хилтондун романында пайда  болгон. Ал романдагы Шангрила  жер жүзүндөгү бейиш, ал эми  ошол бейиштин  дарбазасы Лицзян  шаарында жайгашкан дешет. 800 жылдык  тарыхка ээ бул шаар Юнань  аймагында жайгашкан. Азыркы убакта  ал шаарды Наси улуту ээлейт, алардын өзгөчөлүгү Дунба культурасына  карманышат. Көз боёмочулукка ишенип, адабият жана чыгармачылык аркылуу  салттарын укумдан-тукумга өткөрүп  келишет.

  Шаньси аймагындагы  Пинъяо шаарынын биринчи дубалдары  б.з.ч 256-ж Чжоу династиясынын  тушунда курулган, кийин 1370-жылы  кайра чоңойтулган. Бүгүнкү күндөгү  бийиктиги 12м туурасы 5м болгон  дубал Мин династиясы убагында  курулган. Дубалдагы алты дарбаза  аны таш бакага окшоткондугу  үчүн аны таш бака шаар деп  да аташат. Пинъяо байыртан эле  экеномикалык борбор болуп эсептелинет,  эң биринчи банк “Жижэнчэн”  да ушул шаарда ачылып, 19-кылымда  эле коңшу өлкөлөрдөн өз филиалдарын  ачып, эл аралык банк атыккан.

    Цянзу провинциясындагы  Сучжоу шаары суу үстүндө тургузулган  2500 жылдык тарыхы бар байыркы  шаар. Эл арасында ал чыгыштын  Венециясы деген атка ээ. Чебер  адистердин колу менен жасалган  гүл бакчалардын саны Мин жана  Цин династиясынын убагында 200гө  жеткен. Азыркы күндөгү бакчалардын  эӊ чоӊу 50 миӊ чарчы метрди ээлесе, эӊ кичинеси 2,1 чарчы метрди ээлейт.

    Табигый мурастардын  катарын толуктаган Кытайдын  белгилүү тоолору: Тайшань, Хуаншань, Лушань, Удан, Эмейшань жана Уи  тоолору саналат. Шаньдун аймагында  жайгашкан Тайшань тоосу Кытайдын  ыйык тоолорунун бири. Ушул жерде  Кытай цивилизациясы жаралган  деп саналат. Бул тоого 72 император  храмдарды курдурушкан. Бул тоодогу  6293 жасалма тепкич аркылуу 9кмдик  бийиктикке чыкса болот.

     Аньхуей аймагындагы  Хуаньшань тоосу өзүнүн тарыхы  менен белгилүү. Уламыштарга караганда  Сюаньюань аттуу император өлбөстүккө  жетүү үчүн атайын көнүгүүлөрдү  жасаган экен. Тоодо 200гө жакын  храм, павильондор жайгашкан. Андан  сырткары бул тоо өсүшү башкача  болгон каргайлары менен белгилүү. Алардын өсүшүнө карап ар кандай  аттар коюулган мисалы, уктап  жаткан ажыдаар карагайы, конок  менен алик алышкан карагай  жана башка. 

    Цзянси аймагындагы  Лушань тоосу 300ч/м ди ээлеп  эӊ бийик жери Даханьнянь  деӊиз деӊгээлинен 1474м бийиктикте жайгашкан. Тан династиясынын белгилүү акыны Бай Цзюйи гүлдөп жаткан шабдаалынын сулуулугун ушул тоодо жүрүп жазган дешет. Ошондой эле бул тоодо эӊ биринчи окуу жай жайгашкан.

     Хубэйдеги  Удан тоосунда чоӊ архитектуралык комплекс жайгашкан. Комплекстин курулушу 1412-жылы башталып 12жылга созулган. Азыркы күндө ал жерде 8 сарай, 2 дао храмы, 36 чиркөө, 39 көпүрө,12 павильон жайгашкан.

    Эмейшань Сычуань  аймагында жайгашкан, Кытайдын  төрт ыйык тоосунун бири. Тоодо  көптөгөн храмдар жана статуялар  тургузулган. Бийиктиги 7,3м салмагы  62тонна Самантабадра будданын  айкели ал жердин маданий мурасынын  катарын толуктайт.

Фуцзяньдагы Уи тоосу кооз жаратылышы менен дүйнөдөгү биосфералык  корголуучу жайлардын катарына кирген.

   Хунаньдагы Улиньюань  аймагы табигый ботаникалык, зоологиялык,  геологиялык бакча болуп эсептелинет.  Билермандардын айтуусуна караганда  бул аймакты кыдырып чыксаӊ Кытай элдик живописинин галереясын көрүп чыккандай болосуӊ дешет.

   Сычуань аймагындагы  Цзюйчжайгоу 60 миӊге жакын ч/мди ээлеп муз баскан тоолору, шаркыратма жана жашыл сымал суусу менен белгилүү. Шучжен аттуу аймакта 40ка жакын тоо көлдөрү жайгашкан. Кытайдын символу болгон пандалар да ушул аймакты мекендешет.

   Ушул эле Сычуань  аймагында Хуанлун деген жер  бар. Анын өзгөчөлүгү болуп  саны 3400 жеткен кичине көлмөлөр  эсептелет. Вулкандык текке ээ  болгон бул көлмөлөр  өзгөчө  өӊгө жана формага ээ.

   Бул таӊ калыштуу жана кермет Кытай өлкөсүнөдөгү сырдуу жерлер эч бир адамды кайдыгер калтырбайт. Бардыгынан таӊ калыштуусу бул жерлердин басымдуу бөлүгү адам колу менен жасалган. Кытай эли байыркы тарыхка жана усталыкка ээ улуу эл экендигинде шек жок, биздин алардан үйрөнө турчу нерселер бар экендигине мен дагы бир жолу ынандым. Биз да өз өлкөбүздүн тарыхый, табигый мурастарына кайдыгер карабай, эскисин коргоп, жаӊысын тургузсак деген оюмду айтаар элем.

Колдонулган адабияттар:

http\\chinapipe.ru

http\\history_vostok.ru

 


Информация о работе Кытайдын тарыхый, маданий жана табигый эстеликтери